• Башкы бет
  • Олимпиададан алтын медаль уткан спортчуларга 10 млн.сомдон берилет
Спорт
15:31, -ж., 13-июль

Олимпиададан алтын медаль уткан спортчуларга 10 млн.сомдон берилет

Спорт
Олимпиададан алтын медаль уткан спортчуларга 10 млн.сомдон  берилет

Японияда болуучу Олимпиадада алтын медаль уткан спортчуларга 10 млн.сом акча берилет. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Олимпиадага баруучу курама менен жолукканда айтты.

Марипов Токио шаарында өтүүчү Олимпиада алтын медаль уткан спортчуга 10 млн.сом, күмүш медаль уткан спортчуга 7 млн.сом, кол медаль уткан спортчуга 5 млн сом берилерин билдирген. Ошондой эле алтын, күмүш жана коло медаль уткан спортчулардын машыктыруучуларына спортчуларга берилүүчү сый акылардын 30 пайызы берилет.

32-Жайкы Олимпиада 28-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында болуп өтөт. Ага 200гө жакын мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүүдө. Кыргызстандан Олимпиадага 18 спортчу барат. Алар, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жусупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айаал Лазарев, Нурсултан Кеңешбеков.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...