• Башкы бет
  • Оруссияда мигранттардын ортосунда массалык мушташ чыкты
14:57, -ж., 13-июль

Оруссияда мигранттардын ортосунда массалык мушташ чыкты

Оруссияда мигранттардын ортосунда массалык мушташ чыкты

Орусиянын борбор калаасы Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунда мигранттар ортосунда массалык мушташ чыкты. Орусиялык "Риа Новости" басылмасынын жазганына караганда белгисиз жаран полицияга "Кузьминки" метросундагы массалык мушташ боюнча айткандыгын "Риа Новостинин" полиция кызматындагы булактары маалымат берген.

"12- июль күнү саат 19:44 полицияга белгисиз жаран тарабынан кат жазылган. Анда ал "Кузьминка" метросунда 200-400 чамалуу  ортоазиялык мигранттар мушташууга даярданып жактандыгын билдирген",-деп маалымат билдирген полициядагы жек булагы.

Белгисиз жарандын маалыматы текшерилип, полиция кызматкерлери айтылган дарекке келгенде эч нерсе жоктугу маалым болгон.

Бирок түнкүсүн массалык мушташ орун алган. Басылманын Орусиянын ИИМдеги жеке булагы билдиргендей, 102 мигрант кармалган. Алардын арасында өзбекстандык, тажикстандык жана кыргызстандык жарандар бар. Бул боюнча полиция кармалгандарды майда бейбаштыкта айыптап, 15 күнгө камап, 2,5 миң рублга чейин  айып пул салат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...