• Башкы бет
  • Бишкек-Ош-Токмок шаарларындагы шайлоо жыйынтыкталды
Шайлоо-2021
21:35, -ж., 11-июль

Бишкек-Ош-Токмок шаарларындагы шайлоо жыйынтыкталды

Шайлоо-2021
Шайлоо-2021

Шайлоо-2021

Кыргызстандагы 3 чоң шаардагы кайрадан болуп өткөн шайлоо жыйынтыкталды.

Саат 21:30га карата автоматтык түрдө санаган аппараттардын эсеби боюнча Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда  6 партия 7 пайыздан жогору добуш алган. Аталган шаарда шайлоочулардын 20 пайызы (85 миң 411) добуш берген. 

Бишкек шаарында 7 пайыздан жогору добуш алган партиялардын тизмеси:

"Эмгек"- 18,22%

"Ата-Журт Кыргызстан"-14, 33 %

"Ишеним"- 11,6%

"Ынтымак"- 10,36%

"Социал-демократтар"- 8,12%

"Өнүгүү-Прогресс"- 8,1%

Алдын ала маалымат боюнча Ош шаардык кеңешине 4 партия өткөн.

"Ата-Журт Кыргызстан"- 38, 14%

"Биздин Кыргызстан"- 32,17%

"Улуттар Биримдиги"- 15,43%

"Бир-Бол"- 8,92%

Автоматтык түрдө санаган аппараттардын эсеби боюнча Токмок шаардык кеңешине 5 партия өткөн.

"Бир-Вместе"- 28, 27%

"Эмгек"- 24,82%

Асыл Мурас-Жаштар"- 16,66%

"Патриот Ынтымагы"- 13, 69%

"Эл-Биримдиги"- 12, 13%

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин шайлоосу 11-апрелде болуп өткөн. Анда Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоого жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлга дайындалган эле.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...