• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
18:37, -ж., 9-июль

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Чек ара
Интернеттен алынды

Интернеттен алынды

Бүгүн, 9-июль күнү  саат 18.00 карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Мындай маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди 

Маалыматка ылайык, ошол жер оор тоолуу ландшафт аймак болгондуктан УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгүн Кыргызстанга бүгүн 2021-жылдын 9-июлу Тажикстандын аймагы аркылуу алынып келинди. 

"УКМКнын Чек ара кызматы бул аскер кызматкердин Кыргыз Республикасынын аймагында ок атышуудан улам каза болгондугун баса белгилейт.",-деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 8-июль күнү тажик аскер кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер кызматкерин гана кармашкан жана аны кайтарып алуу боюнча эки Өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда каралып жатат. 

Мамлекеттик чек арада күч структуралырынын аракеттерин координациялоо максатында Баткен облусуна  УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары-Башкы штабдын башчысы полковник Курсанбек Бекташов учуп кетти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...