
Чек ара
16:36, 2021-ж., 9-июль
Кыргыз-тажик чек арасы: Тажик тарап бир кыргыз жоокерин кармап кеткен
Чек ара

Интернеттен алынды
8-июл күнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чашмагильдан ашуусуна жакын жерде УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тажик чек арачылары тарабынан кармалып Тажикстандын аймагына алып кирип кетишкен. Мындай маалыматты аталган кызматтын басма сөз кызматы таркатты.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү окуя орун алган жерде териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
«Кыргыз Республикасынын Баткен аймагы боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан чыр-чатак учурунда кармалган кыргыз аскер кызматкерин өткөрүп берүү талабын коюуда»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда эки тараптын сүйлөшүүлөрү уланууда.
Кечээ,8-июлда саат 17.00 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чашмагильдан ашуусуна жакын жерден Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан.
Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алып, жыйынтыгында УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болгон.
Алдын-алаалынган маалыматтарга караганда тажик тараптан да каза болгон жана жаракат алгандар бар.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер