• Башкы бет
  • Ленин чокусуна барган польшалык туристтин жүрөгү кармап каза болду
Жергликтүү жаңылык
15:49, -ж., 8-июль

Ленин чокусуна барган польшалык туристтин жүрөгү кармап каза болду

Жергликтүү жаңылык
Польшалык турист каза болгон жер

Польшалык турист каза болгон жер

7-июль күнү Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусуна барган альпинисттердин бирөөсүнүн жүрөк оорусу кармап каза болду. Мындай маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таркатты.

Маалыматка караганда, 2-июль күнү Орусиянын 12 жараны менен кошо 2 польшалык жаран Ленин чокусуна барган.

«2021-жылдын 7-июль күнү болжол менен саат 7:15 чамасында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун 5100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган тургуну Б.П.нын жүрөк оорусу кармап каза болгон»,-деп айтылат маалыматта.

2-июль күнү базалык лагерге жалпы 14 адам келген. Алардын ичинен 12 адам Россиянын жарандары. Алар менен чогуу Польшанын 2 жараны келген. Базалык лагерде 2 күн турушуп, 4-июль күнү 4400 метр бийикке чыгып, ал жерде 1 күн болушкан. 6-июль күнү 4800 метр бийикке, 7-июль күнү 5100 метр бийикке чыгып, кайра кайткан учурда П. Б саптын алдында бара жатканда эс-учун жоготуп жыгылган. Ага жасалма дем алдыруу кылышкан. Бирок өзүнө келе албай каза болгон. Анын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...