• Башкы бет
  • «УКМКнын кызматкеримин», -деп өзүн тааныштырган жаран пара талап кылуу фактысы менен кармалды
Кылмыш
15:20, -ж., 9-июль

«УКМКнын кызматкеримин», -деп өзүн тааныштырган жаран пара талап кылуу фактысы менен кармалды

Кылмыш
Сүрөт-УКМК

Сүрөт-УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иш-чаранын алкагында, акча талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча «УКМКнын КККнын кызматкеримин» деген «Т.С.К.»аттуу кызматкер кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматты таратты.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

«КРнын  Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган «Т.С.К.» Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо,  УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефону (03522) 50849 кайрылыңыздар болот.»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...