• Башкы бет
  • «Талибан» кыймылы Ооганстандын Тажикстан менен чек аралаш жерине желегин илди
Дүйнөлүк жаңылыктар
14:56, -ж., 9-июль

«Талибан» кыймылы Ооганстандын Тажикстан менен чек аралаш жерине желегин илди

Дүйнөлүк жаңылыктар
Интернеттен алынды

Интернеттен алынды

«Талибан» кыймылы Ооганстан менен Тажикстандын чек арасына өзүнүн желегин илди.

«РИА Новости» басылмасы Тоолуу Бадакшан автономиялык облусунун администрациясындагы булактарына таянып жазганына караганда «Талибан» «Тем» өткөрмө бекетине желегин илген.

«5-июлда Ооганстандын «Тем» өткөрмө бекетин ээлеп алган «Талибан» аталган өткөрмө бекеттин маңдайындагы Пянж дарыясынын ооган-тажик чек арасын бириктирген көпүрөнүн өз тарабынан желегин орнотту»,-деп билдирген басылманын жеке булагы.

5-июль күнү түнү ооган аскерлери «Тем» өткөрмө бекетин согушсузэле «Талибан» согушкерлерине  беришкен. Андагы 312 ооган аскери өткөрмө бекеттеги көпүрө аркылуу Тажикстанга өтүп кетишкен.

Америка Кошмо Штаттары менен ТАКУ(НАТО) күчтөрү Ооганстандан чыгарылып жаткан убакта «Талибан» кыймылы чабуулдарын баштаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...