• Башкы бет
  • Ош: Талапкердин тууганы добуш сатып алууга шектелип кармалды
Шайлоо-2021
13:46, -ж., 9-июль

Ош: Талапкердин тууганы добуш сатып алууга шектелип кармалды

Шайлоо-2021
интернеттен алынды

интернеттен алынды

Ошто шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү катары дагы бир жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келинди. Мындай маалыматты шаардын милициясынын басма сөз кызматы таркатты.

 Белгилүү болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 8-июлда түнкү саат 23.30 чамаларына алдын ала алынган маалыматка ылайык, жарандардын добуштарын сатып алууга шектүү катары 1991-жылы туулган Ош шаарына караштуу айылдардын биринин тургуну К.Э.  алынып келген. 

Ал Ош шаарынын аймагында жергиликтүү кеӊештин шайлоосуна катышып жаткан бир партиянын кызыкчылыгы үчүн  жарандардын добуштарын сатып алуу максатында шаар тургундарына атайын алдын ала түзүлгөн тизме менен 1 миң 500  сомдон акча каражатын таратып жүргөндүгү маалым болгон. 

Алгачкы маалыматка ылайык ал шайлоого катышып жаткан талапкердин жакын тууганы. Учурда жазык кодексинин 192-беренесинин  белгилери менен сотко чейинки өндүрүш  иши башталды,  тергөө иштери уланууда.

Буга чейин ушундай эле факты менен 2 жаран кармалган болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...