• Башкы бет
  • Ошто былтыркы жылы коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди
13:31, -ж., 9-июль

Ошто былтыркы жылы коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Ошто былтыркы жылы коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Ош облустук ички иштер башкармалыгында пандемия менен күрѳшүүдѳ кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда бүгүн,  9-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын саптык аянтында
2020-жылы дүйнө жүзүн каптаган “COVID-19” илдетинен каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү иш чарасы  ѳткѳрүлдү.


"Белгилүү болгондой 2020-жылдын март айында Ош облустук ички иштер башкармалыгында  Ош шаары жана Ош облустунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда санитардык эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу максатында коммендатура түзүлүп, мамлекеттик мекеме-уюмдар чогуу ооруунун курч мезгилинде, бул илдет менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып барышты. Тилекке каршы бул илдет айрым ички иштер органдарынын кызматкерлерин арабыздан алып кетти. Алар: Ош шаарынын ЖККБнүн кызматкерлери  Умаров Улукбек,  Оморов Чынгыз, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медицина кызматынын дарыгери  Тазабекова Жамал , Алай РИИБдин кызматкери Сыдыков Азамат ошондой эле,Ош ОИИБде кызмат ѳтѳп ардактуу эс алууга чыгышкан Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын  13 ардагери.",-деп айтылат маалымата.

Кызмат учурунда курман болгон Умаров Улукбекдин жубайына Ички иштер министрлигинин Арлагерлер Кеңешинин «Офицердин жубайы» медалын тапшырылды.

Эскерүү иш чарасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов сѳз сүйлѳп, тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолгон: 

"Албетте, алар баарыбыз үчүн кадырлуу ата-эне, ага-эже, сүйүктүү жар болчу. Мамлекетибиздин мекенчил чыгаан уул-кыздары, өз кесибинин мыктылары эле.  Алар өздөрүнүн өмүрлөрүн  көзгө көрүнбөгөн душмандар менен күрөшүүгө жумшап, Кыргыз мамлекети үчүн берген антына бекем болгон чыгаан инсандардын катарында болушкан. Мен эң алгач, кызмат учурунда курман болгондордун жакындарына  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн  атыман терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сиздердин жоготууңуздар орду толгус!
Биз аларды эч качан унутпайбыз! Алардын ысымдары тарыхыбызда “Алтын тамга” менен жазылып түбөлүккө кала берет.
 Алар бүтүрө албаган иштерин урпактары улантышсын. Биз Сиздер менен сыймыктанабыз.
Урматтуу бул жердеги кесиптешибиздин уул-кыздары жана неберелери!
 Сиздер атаңыздар менен ар дайым сыймыктанып жүргөнгө толук акыңыздар бар.Анткени Сиздердин атаңыздар коомдук коопсуздукту камсыз кылууда баатырларча курман болгондордун катарында  турат.Ушундай уул - кыздарды тарбиялаган маркумдардын ата-энелерине баш ийип таазим этебиз.Мындан кийин эч кандай жамандыктар болбосун.Ар бириңиздердин үй бүлөңүздөргө тынчтык каалаймын»,-деди Абитов.

Пандемия учурунда 2020-жылы 9-июлда Ош шаарында ички иштер органдарынын алгачкы кызматкери курман болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...