• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасы: Кечээги атышуудан кийин кыргыз тараптан бир жоокер каза болду
Чукул кабар!
10:11, -ж., 9-июль

Кыргыз-тажик чек арасы: Кечээги атышуудан кийин кыргыз тараптан бир жоокер каза болду

Чукул кабар!
Интернеттен алынды

Интернеттен алынды

 Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын чек ара кезметине куралдуу кол салуусунун жыйынтыгында 1994-жылы туулган  УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери сержант Хуснидин Хожиев каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каза болгон чек арачынын өлүмүнүн жагдайлары такталып жатат. 

Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда тажик тараптан да каза болгондор жана жараат алгандар бар. 

"Окуя болгон жерде УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев жана күч структуралырынын жетекчилери иш алып барышууда",-деп айтылат маалыматта.

Келип чыккан окуяны териштирүү максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. 

Кечээ, 8-июль күнү саат17.00дө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чашмагильдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара кезмети күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болуп аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...