
Чукул кабар!
21:44, 2021-ж., 8-июль
Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Жараат алгандар бар
Чукул кабар!

Интернеттен алынды
Бүгүн, 8-июль күнү саат 17.00 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алган. Мындай маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Кыргыз-тажик аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон.
Чыр-чатак учурунда жаракат алган аскер кызматкерлери боюнча маалымат такталып жатат.
Орун алган окуянын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын териштирүү максатында күч структуралырынын жетекчилери жана УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жөнөп кетишти. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер