• Башкы бет
  • Ошто атамекендик унаалардын алгачкылары коомчулукка тааныштырылды
16:52, -ж., 8-июль

Ошто атамекендик унаалардын алгачкылары коомчулукка тааныштырылды

Ошто атамекендик унаалардын алгачкылары коомчулукка тааныштырылды

Ош шаарында Кыргызстанда алгачкы жолу атамекендик унаалар коомчулукка тааныштырылды. Унааларды "Кыргыз унаа курулуш" компаниясы кураштырган. "Кыргыз унаа курулуш" компаниясы Кытайдын "Донгфенг" үлгүсүндөгү унаалардын тетиктерин Оштогу заводунда кураштырган. Компания заводдо унаанын жүк ташуучу тетиктерин жасаган. 

Компания коомчулукка тааныштырган унаанын 2 үлгүсү даяр болгон. Ошондой эле электр энергиясы менен жүрүүчү автобустун алгачкы модели кураштырылып жатат.

Мындан сырткары, компания өзүнүн заводунда брондолгон эшиктердин, гидротурбиналардын, лифттердин, жогорку чыңалуудагы электр мамычаларынын алгачкы серияларын жасап чыгарганын билдирди.

Иш чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, компания жетекчиси Нурбек Осмоновдун катышты. 

"Кыргыз унаа курулуш" Кыргызстандагы унаа чыгарган алгачкы компания болуп саналат. Аталган компания былтыркы жылы алгачкы жолу электр тогу менен кубат алуучу тез жардам унаасын чыгарганын жарыялаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##"Кыргыз унаа курулуш"

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...