• Башкы бет
  • Түркиянын Хатай шаары менен Кара-Суу шаары эки тараптуу кызматташат
15:55, -ж., 8-июль

Түркиянын Хатай шаары менен Кара-Суу шаары эки тараптуу кызматташат

Түркиянын Хатай шаары менен Кара-Суу шаары эки тараптуу кызматташат

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаары Түркиянын Хатай шаары менен көп багыт боюнча меморандумга, боордоштуктук боюнча протоколго кол коюшту. Мындай маалыматты Кара-Суу мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Хатай шаарынын губернатору Лютфу Саваш баштаган делегация Кара-Суу шаарынын мэри Адыл Лолобаев менен Бишкек шаарында жолугуп, эки тараптуу сунуш-пикирлер айтылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө мэр Адыл Лолобаев Кара-Суу шаарында токтоп турган өнөр жай ишканаларын жандандыруу үчүн инвесторлор керектигин, түрк инвесторлоруна эшик ачык экенин белгилеп, бир катар сунуштарды берген.

Тараптар туризм, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт тармагындагы эки тараптуу иштерди ишке ашыруу боюнча меморандумга, боордоштук боюнча протоколго кол коюшту.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...