15:46, -ж., 7-июль

Ошто ундун баасы өстү

Ошто ундун баасы  өстү

Ош шаарында ундун баасы 50-60 сомго жогорулады. Бул тууралуу сатуучулар билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин 50 кг ун 1650-1700 сомдон сатылса, учурда 1750 сомго чейин сатылууда. Ундун баасы мурдагыга салыштырмалуу 50 сомго чейин жогорулаган. Жүгөрүнүн килограммы мурун 25 сомдон 30 сомго чейин сатылса, бүгүнкү күндө 35 сомдон сатылып жатат.

Кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн баасы дээрлик бирдей. Буудайдын килограммы мурда 27 сомдон сатылса, учурда 30 сомдон сатылып жатат.

Буга чейин Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кыргызстанда ундун баасы жогорулашы күтүлөрүн, кургакчылыкка байланыштуу Казакстандын буудай талааларында түшүм болбой калгандыгын айткан болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...