• Башкы бет
  • Ошто чөптүн жана жемдин баасы дагы кымбаттады
15:33, -ж., 7-июль

Ошто чөптүн жана жемдин баасы дагы кымбаттады

Ошто чөптүн жана жемдин баасы дагы  кымбаттады

Ош облусунда жана шаарында чөптүн баасы кымбаттады. Мындай маалыматты чөп алып сатуу менен алектенген сатуучулар билдирди.

Алардын айтымында, мурун самандын бир таңгагы 200 сомдон сатылып жатса учурда 280 сомго чыкты. Ал эми беденин 1 таңгагы 300 сомдон сатылып жатса, азыркы күндө 400 сомдон 450 сомго чейин бааланууда. Чөптүн 1 таңымы да 300 сомдон сатылып жатса, учурда 380 сомдон баштап, 400 сомго чейин сатылууда. Чөп алып-саткандар тоолуу райондордо чөп жакшы өспөй калганын белгилешүүдө.

Ош облуста чөптүн баасы күн алыс жогорулап жатканына байланыштуу ортомчулар Өзбекстандан саман алып чыга башташты.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын Ош облусу менен чектешкен Андижан облусунда самандын 1 таңгагы 80 сомдон 100 сомго чейин сатылып жатканын айтышууда.

Бажы төлөмү, күйүүчү майдын акысы, жол кире чыгымдары кошулуп отуруп, Андижандан алынып келген самандын 1 таңгагы 280 сом болууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...