• Башкы бет
  • ОшМУнун илим изилдөөчүлөрү медициналык багытта англис тилин үйрөнүшүүдө
13:53, 2021-ж., 28-июнь

ОшМУнун илим изилдөөчүлөрү медициналык багытта англис тилин үйрөнүшүүдө

ОшМУнун илим изилдөөчүлөрү медициналык багытта англис тилин үйрөнүшүүдө

Маалыматка ылайык, ал  "Erasmus +" (Еразмус+) программасынын алкагында “Harmonization And mutual Recognition of Master programmes in OccupatioNal and Environmental hEalth/HARMONEE” (Кесиптик саламаттыкты сактоо, айлана чөйрөдөгү магистрдик программаларды шайкеш келтирүү жана өз ара таануу) долбоорунун негизинде ишке ашып жатат. Англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу изилдөөчүлөрдү жана окутуучуларды чет тилдүү маалымат булактары менен тааныштыруу, англис тилинде нускалуу макалаларды өз алдынча окуу, чет тилдик басылмаларга макала жазуу жана жарыялоо, эл аралык семинар, тренингдерге катышуу максатында уюштурулган.

Төрт айлык окуу курсу акысыз болуп. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат берилет.

Erasmus Plus программасынын ОшМУдагы координатору Роман Калматовдун демилгеси менен уюштурулган англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу эки жылдан бери ийгиликтүү өтүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...