• Башкы бет
  • Ош шаарында жайкы туристик мезгилге карата милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн даярдыгы текшерилди
15:46, 2021-ж., 24-июнь

Ош шаарында жайкы туристик мезгилге карата милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн даярдыгы текшерилди

Ош шаарында жайкы туристик мезгилге карата милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн  даярдыгы текшерилди

2021-жылдын 24-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Урмамбетов Октябрь, Ош шаарынын борбордук аянтында Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн өздүк курамынын катышуусунда саптык кароо өткөрдү.

2021-жылдын жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда жарандардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө 2021-жылдын 14-майында ИИМдин №247-т тескемеси чыгарылып, зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын аймагында туристтердин коопсуздугу үчүн шаардын унаа жолдорунда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде, андан сырткары эс алуу жайларында Ош ШИИБи боюнча МККБнын кызматкерлеринин бирдиктүү постторунун дислокациясы жана кайгулдоо каттамдары иштелип чыккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Турист #Ош

Комментарийлер

live comments feed...