• Башкы бет
  • Эпидемиологиялык абал курчуй берсе чектөөлөр кирет,-Ош шаарынын вице-мэри Э. Шадыханов
09:31, -ж., 22-июнь

Эпидемиологиялык абал курчуй берсе чектөөлөр кирет,-Ош шаарынын вице-мэри Э. Шадыханов

Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, саламаттык сактоо тармагынын Ош шаарындагы координатору К. Ташболотов жана штабдын мүчөлөрү катышты. Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, вице-мэр бейтаптарга өз убагында жардам көрсөтүлүшү керектигин билдирди. “Санитардык эрежелерди сактайлы. Учурда Ош шаарындагы абал оор боюнча калууда. Зарылчылыгы жок болсо үйдө отуралы. Эл көп барган жайлардан алыс болуп турууга чакырабыз. Маршруттук каттамдарга, кафе-ресторандарда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эл да бизге жардам берсе жылыш жакшы болмок. Эгер кырдаал курчуй турган болсо чектөөлөр кириши мүмүкүн. Муниципалдык ишканаларда 65 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтөт. Ал эми жыйындардын катышуучулары 30дан кем болушу жана санитардык эрежелерди сактоо менен өтүшү зарыл. Ошондой эле, тургундарды таажы вирусунун кандай симптому жаралбасын тийиштүү адистерге кайрылууга чакырабыз”,- деди Э.Шадыханов. 

21-июлга карата коронавируска чалдыккандардын саны 54. Стационарларга кайрылган жарандардын саны суткасына 700гө жетип жатат. Чалуу борборуна кайрылгандардын саны күнүнө 150-200гө экендигин адистер билдирди. Учурда жугуштуу ооруларды алдын алуу стационарында 192 бейтап дарыланууда. Алардын 18и өтө оор абалда, 98и оор абалда, ал эми 76сы орто абалда. Бир суткада 17 бейтап жаткырылып, 28и айыгып чыкты. Эмдөө боюнча да ыкчам иштер жүрүп, медицина кызматкерлеринин 80 пайызы таажы илдетине карыш вакцина алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош #COVID-19

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...