• Башкы бет
  • Таалайбек Сарыбашов: “Алдыда шаардын шаардай болушуна шарт түзө турган иштер аткарылат”
14:47, 2021-ж., 22-май

Таалайбек Сарыбашов: “Алдыда шаардын шаардай болушуна шарт түзө турган иштер аткарылат”

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Т. Кулатов кичи районуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган “Ак ниет” аллеясынын абалы менен таанышты. Мэр шаардагы парк, аллеялардын тазалыгына, көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды. “Шаардыктар эс алуучу, ден соолукту чыңдоочу жайларды оңдоого, жаңыдан курууга көңүл буруп жатабыз. Эки жарым жылдын ичинде бир паркты, эки аллеяны, бир канча скверлерди курдук. Быйыл Манас-Ата кичи районуна аллея куруп, Салиева көчөсүн оңдойбуз. Эң чоң долбоорубуз катары Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоо иштери жүрүп жатат. Шаарды иретке келтирип, аталган иштерди жасоого каршылыктарда болбой койбойт экен. Жыйынтыгында шаардыктарга пайда болуп жатат. Ар дайым шаардыктарга пайдасы тие турган, шаардын шаардай болушуна шарт түзө турган иштер аткарылат. Эми жолдорду оңдоп, таза суу маселесин чечүүнүн үстүнөн иштейбиз. Билим берүү тармагына да өзгөчө көңүл бурулат”,-деди мэр Таалайбек Сарыбашов. Калаа башчысы шаардагы аялдамаларды да оңдоп,зарылчылдыгы бар кичи райондорго аялдама куруу тапшырмасын да берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...