
13:16, 2021-ж., 13-май
Ош шаарынын мэри шаардыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун куттуктоосу:
"Ассалому алейкум урматтуу момун мусулмандар, кадырлуу карыялар жана мекендештер! Ыйык Рамазан айында мусулманчылыктын 5 парзынын бирөө болгон Орозону кармап, бүгүнкү Орозо айтты Сиздер менен бирге окуп турганыбызга чексиз шүгүрлөр болсун. Орозо айында араздашкандар элдешкен, ооруулулардан, жетим-жесирлерден жана момун мусулмандардан кабар алынган. Бүгүн да фитр-садакалар жана кайрымдуулук иштери уюштурулуп жатат. Бир ай ичинде ооз ачыруу аземдеринин алкагында бири-бирине жакшы каалоо-тилектер айтылды. Ооз ачыруу иш-чаралары ар түрдүү улуттардын өз ара пикир алышуу аянтчасына айланып, шаардагы диний, абалдын туруктуулугун сакталып, этностор аралык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түздү. Урматтуу момун мусулмандар! Өлкөбүздө дин тутуу эркиндиги толугу менен камсыздалган. Шаарыбызда 81 мечит, 9 намазкана, 4 медресе, 2 жогорку окуу жайы, 12 окуу борборлору, 4 коомдук уюмдары иштеп, жарандардын диний муктаждыктарын канааттандырып келет. Андыктан Кудайга шүгүрчүлүк келтиришибиз керек. Мен Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш, бекем ден-соолук каалаймын. Ылайым ыйык Орозо айында Сиздер ниет кылган жакшы тилектердин бардыгы кабыл болсун! Ордолуу Ошубузда ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, улуттар аралык достук бекем болсун. Дүйнөлүк аренада мамлекетибиздин абройу көтөрүлүп, мамлекеттер арасында ээлеген орду бакубат болсун. Кийинки жылы да Айт намаздарында жолукканга баарыбызды Кудай насип кылсын. Дүйнөдө, сүйүктүү Кыргызстаныбызда тынчтык болсун! .
Орозо Айтыңыздар маарек болсун!".
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер