
14:12, 2021-ж., 9-май
Ошто ардагерлердин үйлөрүнүн алдында чакан майрамдык концерт уюштурулду
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов согуш ардагери Касымбай Жолдошев жана Салахидин Токтобаевдан кабар алып, Жеңиштин 76 жылдыгына карата акчалай сыйлык жана белектерин тапшырды Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов аталар, апалар согуш талаасында жүрүп, кан кечип алып келген жеңиш туусу түбөлүк желбиреп, келечек муун анын баркына жетип, түбөлүк жүрөктө сакташ керек экендигин билдирди. "Арлагерлердин, ооруктун каармандарынын арасы суюлуп жаткандыгы ар бирибизди өкүндүрбөй койбойт. Жылдап согуш талаасында биз үчүн, келечек үчүн өз жанын, ден соолугун аябай жоонун мизин кайтарган аталарга, аларга ар дайым колдоо көрсөтүп келген ооруктагы ата-апаларга таазим. Аталар менен сүйлөшүп отуруп, акыркы Баткен облусунда болуп жаткан кырдаал алардын жүрөгүн оорутуп жаткандыгын түшүндүм. Заманыбыз тынч болсун, эч качан энелердин, балдардын жашы төгүлбөсүн. Мэрия тараптан ар дайым колдоо болуп турат"- деди Т.Сарыбашов. Ош шаарында 5 согуш ардагери жана 10 ооруктун каарманы жашап келет. Мэриядан согуштун ардагерлерине 20 миңден, ооруктун каармандарына 15 миңден акчалай сыйлык жана майрамдык белектер тапшырылды. Ошондой эле , согуш ардагерлеринин үйүнүнө мэр менен кошо маданият кызматкерлери барышып, чакан концерт уюштурушту. Ал эми, өлкө башчынын атынан ардагерлерге 70 миң сом, ооруктун каармандарына 15 миң сом каралды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер