
12:27, 2021-ж., 5-май
Ишенимдүү булак
Ош шаарынын тургунуна Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 397 миң сом төлөндү

Ош шаардык мэриясында Жапалак айылынын тургуну Бусайра Абытовга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 397 000 сомдук сертификат тапшырылды. Бусайра Абытованын үйү кырсыктын кесепетинен толугу менен күйүп кеткен. Анын негизинде тийиштүү комиссиялык топ текшерип чыгып, камсыздандыруу төлөмү берилип жатат.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Мырзабек Жыпаркулов, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө камсыздандырууга кайдыгер карабоо тууралуу маселелер айтылды. М.Жыпаркуловдун айтымында, айыл аймактын жашоочулары турак жайларын камсыздандыруу үчүн жылына 600 сом төлөп, өз үйлөрүн камсыздандыра алышат. Табигый кырсык болгон учурда, камсыздандыруу төлөмү 600 000 сомго чейин жетет. Ош шаарынын тургундары жылына 1 200 сомдон камсыздандыра алышат. Ал эми шаар тургундары үчүн камсыздандыруу төлөмү 1 миллион сомго чейин.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер