Oshto.KG
08:00, 2021-ж., 5-май
Ишенимдүү булак

Саламатсыңбы, Ош шаары!

Oshto.KG
Саламатсыңбы, Ош шаары!

Ош шаарында жашоо дүркүрөп өнүгүп жатат...

Жаңы ишканалар түзүлүп, мекемелер ачылып, соода кызуу жүрүп жатат. Бирок дагы деле бир нерсе жетишпегендей. Ош шаарынын тургундары жана меймандары ар дайым жаңы жана керектүү маалыматты издейт. Маселе - аны кайдан алуу керектигинде? Албетте, соцтармактар бар. Бирок бул үчүн мындай маалыматты кайсы тармактан же кайсы баракчадан издөө керектигин билиш керек. Анткени соцтармактар ушунчалык кенен. Демек шаар үчүн бирдиктүү аянтча керек…

«Бизнес Инфосистемс» компаниясы мындай аянтчаны – шаардын Oshto.KG сайтын кубануу менен сунуштайт!

Oshto.KG – бул Ош шаарынын биринчи толук кандуу шаардык порталы! Компьютерде, ноутбукта, планшетте, смартфондо сайтты ачып жана дароо Жумуш, Кыймылсыз мүлк, Авто, Сатып алуу / Сатуу бөлүмдөрүндө өз кулактандырууңузду жарыялай аласыз.

  • Сиздин кафе, салон, дүкөн, бутик, агенттик, чеберкана же ишкана барбы? Аны акысыз түрдө “Оштогу компаниялар” маалымдамабызга кошуңуз. Адамдар сизди кантип табышты билиши керек!
  • Онлайн иштөөгө өткүңүз келеби? Oshto.KG порталында болгону 3 күндө сайт же онлайн-дүкөн ачыңыз жана ал жакка сиздин бардык соцтармактарды кошуңуз. Аны башкаруу оңой болот!
  • Сиз иш-чара өткөрүп жатасызбы? Ал тууралуу маалыматты биздин афишада жарыялаңыз жана ага бүтүндөй шаарды чакырыңыз!
  • Эгерде сизде кыймылсыз мүлк агенттиги, кадр агенттиги болсо же сиз унаа сатуу менен алектенсеңиз – сиз үчүн атайын сунуш бар. Биз сиз үчүн Oshto.KG порталында «Люкс» сайтын ачабыз жана сиз чектелбеген санда кулактандырууларды жарыялай аласыз!
  • Шаар менен баарлашыңыз - Oshto.KG сайтында суроо бериңиз, эксперттерден жана порталга киргендерден жооп алыңыз.

Шаардагы жаңылыктар, ишканалардын маалымдамасы, иш-чаралардын афишасы, фотоотчеттор, эс алуу, кулактандыруулар, компаниялардын сайттары жана башкалар – Oshto.KG сайтында!

Бул биз сиздер менен бирге түзө турган портал…

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...