Тыюу салынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

1. Колдонуудагы мыйзамдар менен тыюу салынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр. Сатууга тыюу салынган жана\же жарандык жүгүртүүдөн алынган товарлар. Ошондой эле аларды пайдалануу Украинанын колдонуудагы мыйзамдарын бузууга багытталышы мүмкүн болгон товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр (мисалы, юридикалык жакта аткаруу органын функцияларын жасалма жүзөгө ашыруу кызмат көрсөтүүлөрү ж.б.).

2. Жок болгон, керектөө баалуулугуна ээ болбогон же аларды колдонуучу сатууга укуксуз болгон же үчүнчү жактардын укуктарын бузган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр (анын ичинде патенттер, товардык белгилер, автордук укуктар ж.б.). Администрациянын дарегине алар боюнча СМ (соода маркасынын) укук ээси же патенттин ээси тарабынан расмий суроо-талап жөнөтүлгөн товарларды сатууга жана кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынган.

3. Бир жарыядагы ар түрдүү товарлар жана\же кызмат көрсөтүүлөр. Туура эмес: «Көйнөк жана туфли сатам», «Телевизор жана муздаткыч сатам», «Сүрөттөгүнүн баарын сатам» жана ушул сыяктуу. Бир өзүнчө жарыяда бир предмет же эгерде баары жалпы баада комплект менен сатылып жатса, бир жарыяда бир нече предмет жөнүндө маалыматка жол берилет.

4. Башка оффлайн же интернет-ресурстарды илгерилетүү. Конкреттүү товар\кызмат көрсөтүү сүрөттөлбөгөн же жарнамаланган ресурста сатылган бардык товарлар саналган маалымат ушундай деп саналат, мисалы: «Биз – тиричилик техникасын саткан интернет-дүкөнбүз, муздаткычтарды, үтүктөрдү, телевизорлорду ж.б. сатабыз», «Косметика. … сайтында онлайн буйрутма кылыңыз», «Трактор сатам. Сүрөттөмө шилтеме боюнча» ж.б.

5. Жарактуулук мөөнөтү аяктаган тамак-аш азыктары

6. Тамеки түрлөрү; алкоголдук ичимдиктер жана этил спиртин камтыган өндүрүм; самогон аппараттары.

7. Бажы конфискаты, контрабандалык товарлар жана уурдалган мүлк.

8. Планшеттердин, мобилдик телефондордун, ноутбуктардын кутулары түзүлүштүн өзүн сатууну сунуштабай туруп.

9. Издөөдө турган транспорт каражаттары; документтери жок. Же бул ТК сатууну сунуштабай транспорт каражаттарына карата документтер.

10. Номер белгилерин даярдоо жана сатуу (стандарттуу, наамдуу, элиталык жана башка). Автоунаанын басып өткөн аралыгын артка түрүү кызмат көрсөтүүлөрү жана каражаттары.

11. Дарыгердин рецепти боюнча сатылган же Украинанын аймагында тыюу салынган медициналык препараттар, ветеринардык препараттар, бардык дары-дармектер, стероиддер, анаболиктер, виагра, арыктоо үчүн препараттар жана БАКлар. Анын ичинде: Баша, Бомба, Билайт, Сыйкырдуу лотос, Голдлайн, Дали, Алтын шарик, Кленбутерол, Лида, Miaozi, Орлистат, Ксеникал, Редуксин, Римонабант, Сибутрамин, Меридиа, Тонгкат, Тяньши, Турбослим, Фенитоин, Фенолфталеин, Флукостеин, Фитолакс, Эвалар, XL-S, 7 Days, дүүлүктүрүүчү препараттар. Эгерде сиз БАКларды сатсаңыз, жарыянын текстинде сөзсүз препарат биологиялык активдүү кошулма экенин жана рецептсиз сатыла турганын көрсөтүшүңүз керек.

12. Баңги, психотроптук заттар, уулар, ууландыруучу заттар жана аларды алмаштыргычтар, ошондой эле аларды даярдоо үчүн өсүмдүктөр жана курамдык бөлүктөр. Галлюциногендик өсүмдүктөр, козу карындар жана алардан жасалган өнүмдөр.

13. Адамдын бардык анатомиялык материалдары (анын ичинде биоимплантаттар жана феталдык материалдар), ксенотрансплантаттар (трансплантациялоо үчүн арналган, жаныбарлардын анатомиялык материалдары), донордук кызмат көрсөтүүлөр (кан\плазма\сперма тапшырам\сатып алам жана башка ушул сыяктуу).

14. Карын эне кызмат көрсөтүүлөрү, эмчек сүтү (издөө жана сунуштоо).

15. Рентген жабдуусу, радиоактивдүү заттарды жана изотопторду пайдалануу менен жасалган приборлор жана жабдуу.

16. Таңгаксыз ич кийим (бюстгальтер, трусы, боди, байпак, колготки, корсеттер).

17. Бардык куралдар, антиквардык куралдан тышкары (комплекттөөчүлөр жана алардын аксессуарлары). Эгерде бычак, жаа, арбалет жана ыргытма куралдардын башка түрлөрү атылбас курал болуп саналбаса, сиз жарыяга тастыктаманы же бул товар атылбас курал эместиги жөнүндө ИИМ корутундусун тиркешиңиз керек. Ошондой эле жарыянын сүрөттөмөсүндө МАМСТ, ТУ жана тастыктамада сүрөттөлгөндөй, бычактын, жаанын, арбалеттин жана куралдын башка түрүнүн багытын көрсөтүү керек.

Мындан тышкары, “Чарба ишинин түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” ЗУ ылайык, аскердик эмес багыттагы ок атуучу куралдарды жана анын ок-дарыларын даярдоо жана оңдоо сунуштары жарыянын сүрөттөмөсүндө же фото түрүндө лицензияга ээ болушу керек.

18. Аскердик транспорттук каражаттар жана аларды өндүрүүгө жана пайдаланууга ченемдик-техникалык өндүрүм.

19. Активдүү жана пассивдүү коргоо каражаттары (электрошокерлер, газ баллончолору, газ пистолеттери, резина огу менен курал, жарык-добуш эффекттери, сигнализаторлор, резина дубинкалары, кишендер), көздөн жаш чыгаруучу жана дүүлүктүрүүчу таасир берген препараттарды камтыган, укук коргоо органдары тарабынан колдонулган, активдүү коргонуу нун атайын каражаттарына кирген атайын каражаттар жана аларды өндүрүүгө жана пайдаланууга ченемдик-техникалык өндүрүм.

20. Жеке бронекоргоо: бронежилеттер (ар кандай түрдөгү жана коргоо классындагы), коргоочу каскалар (ар кандай түрдөгү жана коргоо классындагы), катуу коргоо элементтери (бронепластиналар өзүнчө), ок өтпөс калкандар, бронежилеттер менен каптоочтор ж.б. жана аларды өндүрүүгө жана пайдаланууга ченемдик-техникалык өндүрүм.

21. Кооптуу жардыруучу, химиялык, радиоактивдүү, пиротехникалык заттар жана материалдар, ошондой эле алардын калдыктары.

22. Чет мамлекеттердин аймагында аскердик кызматты жана аскерлештирилген ишти жүргүзүү менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр, иштер жана материалдар.

23. Илимий-изилдөө жана долбоордук иштердин, ошондой эле куралдарды жана аскердик техниканы түзүү боюнча фундаменталдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары.

24. Шифрлегич техника, аны өндүрүүгө жана пайдаланууга ченемдик-техникалык документтер.

25. Антирадарлар, радар-детекторлор, рамка-шторкалар, антитыңшагычтар, антижучоктор жана ушул сыяктуу техникалык шаймандар.

26. Универсалдуу ачкычтар/ар кандай кулпулар үчүн каражаттар.

27. Программалык камсыздоо, радиоэлектрондук жана атайын техникалык жана маалыматты тымызын алуу үчүн башка каражаттар (микрокулакчындар, брелок-камералар, камера киргизилген көз айнек, саат-камералар жана башка).

28. Программалык камсыздоо, тиркемелердин клондору.

29. Программалардын активаторлору, компакт-дисктин ачкычтары, тиркемелердин каттоо номерлери жана башка.

30. Аларды жайылтуу Украинанын мыйзамдарын же автордук укуктарды бузган, мультфильмдер, музыка, фильмдер, программалык камсыздоо жана башка материалдар бар пираттык алып жүрүүчүлөр жана башкалар.

31. Виртуалдуу гана берилген жана кандайдыр бир материалдык алып жүрүүчүгө жазылдаган материалдар (идеялар, методдор, принциптер ж.б.).

32. Маалыматтар базасы, e-mail даректердин базасы, анын ичинде уруксатсыз жөнөтмөлөргө шарт түзүшү мүмкүн болгон жеке (анкеталык) маалыматтарды камтыган бардык базалар. Парсинг: кызмат көрсөтүүлөрдү жана программалык камсыздоону сунуштоо.

33. Жарандардын жана юридикалык жактардын жеке жашоо сырын бузган, ар намыска, кадыр-баркка жана ишкер беделине кол салган, ошондой эле мамлекеттик, банк, коммерциялык жана башка сырды камтыган материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр. Ошондой эле адамды же адамдардын тобун каралоо катары пайдаланылган материалдар.

34. Даяр дипломдук, курстук, магистрдик иштер, лекциялардын конспекттери, ошондой эле мындай товарды сатып алуу же даярдоо менен байланыштуу бардык кызмат көрсөтүүлөр.

35. Шпаргалкалар (саат-шпаргалкалар, калем-шпаргалкалар жана башка).

36. Мессенджерлердин эсепке алуу жазуулары (ICQ, Skype жана башка), электрондук почта даректери, социалдык тармактардын аккаунттары.

37. Чет өлкөлүк валюта жана/же башка валюталык баалуулуктар, Украинанын жугүртүүдөгү монеталары жана банкноттору (нумизматика макссаттары үчүн сатып алуу-сатуудан тышкары).

38. Жасалма акча белгилери жана жасалма почта төлөмдөрүнүн белгилери.

39. Расмий бланктар, катуу отчеттуулук формалары, баалуу кагаздар (акциялар, облигациялар, чектер ж.б.), ачык көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтү аяктаган жана/же жараксыздыгы\жокко чыгаруу\тындыруу жөнүндө белгиси менен коллекциялоо максаттары үчүн кагаздардан тышкары.

40. Баалуу жана сейрек кездешүүчү металлдар (сатуу, сатып алуу) жана буюмдагы эмес асыл таштар (сатуу, сатып алуу), ошондой эле баалуу, сейрек кездешүүчү металлдарды жана асыл таштарды камтыган калдыктар.

41. Шектүү финансылык кызмат көрсөтүүлөр (мисалы, “Кредит бир саатта берилет. Күрөөсүз жана кепилдик берүүчүлөрсүз”; “Тастыкталган салык кредитин сатуу\алмаштыруу”; “Төлөм системаларындагы жардам” ж.б.). Финансылык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган бардык жарыя ишкананы каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга лицензиянын номери менен толукталышы керек.

42. Коллектордук жана антиколлектордук кызмат көрсөтүүлөр.

43. Виртуалдык акча, виртуалдык валюталарды иштеп табуу же өндүрүу үчүн куралдар, программалар, приборлор жана алардын комплектегичтери.

44. Коюмду камтыган, кумар оюндары системаларында жардам берүү сунушу менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр. Кумар оюндарын өткөрүү үчүн пайдаланылган оюн жабдуусу; лотерея жабдуусу.

45. Каражаттарды которуу, бонустарды эсептөө аркылуу телефондун мобилдик номеринин эсебин толуктоо сунушу.

46. Алдамчылык, опуза талап кылуу, материалдык жардам жана кандайдыр бир формада колдоо көрсөтүүнү суроо же сунуштоо, анын ичинде “демөөрчү болом”, “материалдык колдоо издейм”, “коммерция” жана башка ушул сыяктуу жарыялар.

47. Кыймылсыз мүлк боюнча “маалыматтык” агенттиктерден сунуштар. Көңүл буруңуз: агенттик жөнүндө маалыматты так көрсөтүү (компаниянын аталышы жана байланыш маалыматтар) кыймылсыз мүлк агенттигин өкүлдөгөн колдонуучулар үчүн милдеттүү шарт болуп саналат. Эгерде бул маалымат жарыяда көрсөтүлбөсө, Сиздин эсепке алуу жазууңуз бөгөттөлүшү мүмкүн.

48. Ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөнүүчү сунуштары, “”Калктын жумуштуулугу тууралуу” ЗУ ылайык. Украинада изденүүчү үчүн орноштуруу боюнча ортомчулардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысыз сунуштарына гана жол берилет. Чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ортомчулардан бардык сунуштар тиешелүү лицензияга же Украинанын Социалдык саясат министрлигинин буйругуна ээ болушу керек. Лицензиянын номери жана сериясы же буйруктун датасы жана номери сөзсүз жарыянын сүрөттөмөсүндө көрсөтүлөт.

49. Шектүү жумуш сунуштары, анын ичинде иш берүүчүнүн физикалык дарегин жана түз байланыштарын көрсөтүүсүз Интернет тармагындагы (“бардыгы үчүн жумуш”, “үйдө электрондук почтаны иштетүү”, “салым кошуусуз жумуш”, “пассивдүү киреше” жана башка ушул сыяктуу).

50. Агенттик ишмердүүлүк сунуштары, соода өкүлчүлүктүн же башка мүчөлөрдү, субагенттерди, субдистрибьюторлорду үгүттөөнү талап кылган, башка ишмердүүлүктүн сунуштары, фонд рынокторунда иштеп табуу сунуштары, трейдердин ишмердүүлүгү (Forex, MMCIS жана башка ушул сыяктуу). Ошондой эле валюта алмашуу боюнча рыноктор жана кызмат көрсөтүүлөр (анын ичинде жабдуу, консультация берүү, окутуу ж.б.).

51. Көп деңгээлдүү (тармактык) маркетинг сунуштары (Avon, Oriflame жана башка), Ишканалардын маалымдамасы бөлүмүнөн тышкары.

52. Кол менен жана программалык жайгаштыруу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо, бардык ресурстарда жарыяларды жөнөтүү, ошондой эле ушул кызматка бош орундар.

53. Чет өлкөдө түнкү клубдарда иштөө; веб-модель болуп иштөө сунуштары; свингер-клубдардын кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо; эскорт-кызмат көрсөтүүлөрү; нике агенттиктерине котормочулар\котормочу кыздар; үйдө калемди чогултуу жана башка ушул сыяктуу.

54. Секс кызмат көрсөтүүлөр, сойкулук, интимдик мүнөздөгү бардык кызмат көрсөтүүлөр, укалоонун түрлөрү: эротикалык, боди, лингама, тантрикалык. Ошондой эле интимдик (сексуалдык) багыттагы товарлар.

55. Таанышуу, достук, жеңил мамилелер жөнүндө жарыялар.

56. Мамлекеттик сыйлыктар, Улуу Ата мекендик согуштагы жеңишти түбөлүккө калтыруу үчүн сыйлыктар.

57. Нацисттик, коммунисттик символиканын сүрөтү менен предметтер, антиквариаттан тышкары.

58. Колдонуудагы же күчкө ээ болгон мамлекеттик өздүк күбөлүк жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн документтери: паспорттор, id-карталар, укуктар, студенттик билеттер, зачеттук китепчелер, дипломдор, жол жүрүү билеттери, өткөрмөлөр, уруксаттар, сертификаттар, лицензиялар жана башкалар. Ошондой эле укуктарды берген же укуктардан\милдеттерден бошоткон башка документтер, ачык көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктаган жана\же жараксыздык\жокко чыгаруу жөнүндө белгиси менен коллекциялоо максаттары үчүн документтерден тышкары, бул документтер үчүн бланктар, ошондой эле аларды алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

59. Экстремисттик материалдар; массалык башаламандыктарга, каршылыктарга, иш таштоолорго; террористтик ишти жсана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга; улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууга; массалык коомдук иш-чараларга, аукциондорго, лотереяларга катышууга чакырган материалдар.

60. Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр.

61. Саясый партияларды, коомдук уюмдарды жана фонддорду сатуу. Агитациялык материалдар, добуш берүү үчүн бюллетендер, ойлоп табуу укуктарын жүзөгө ашыруу менен байланыштуу товарлар же кызмат көрсөтүүлөр.

62. Кызыл китепке же СИТЕС эл аралык конвенциясынын тизмесине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр (сейрек жана жоголуп бараткан флора жана фауна түрлөрүн сатуу жөнүндө). Питомникте багылган, бирок Эл аралык Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды сатуу жөнүндө жарыя сөзсүз төмөндөгүлөрдү камтышы керек: жаныбардын туура жана толук аталышы, питомниктин аталышы жана/же питомниктин расмий сайтына шилтеме.

63. Терилер жана териден жасалган буюмдар, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын түрлөрүнүн мүйүздөрү, шыйрактары жана чучелосу. Буюмдагы эмес морждун азуусу, пилдин, мамонттун азуу тиши, киттин (кашалоттун) тиши.

64. Браконьер куралдары жана жабдуулары (электр кайырмактар, торлор, капкандар жана башкалар), ошондой эле аларды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

65. Оккульттук\эзотерикалык тематика менен байланыштуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр: мээр, көмүскө бүтүм, төлгө, сатанизм, ритуалдар, магия, таро, нумерология, салтуу эмес медицина, экстрасенсорика ж.б., Ишканалардын маалымдамасы бөлүмүнөн тышкары

Эгерде жарыя ушул эрежелерди бузса – ал Администрация тарабынан (модератор) сайттан өчүрүлөт, эгерде жарыя акы төлөө негизинде жарыяланса – кызмат көрсөтүү үчүн каражаттар кайтарылбайт.

 

Жарыялар бөлүмүнүн эрежелери
Жарыяларды жарыялоо эрежелери
Тыюу салынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр
Жарыяларды жол-жоболоштуруу эрежелери