Сүрөттөмө

Сүрөттөмө сунушталган товарга\кызмат көрсөтүүгө ылайык келиши керек.

Сиздин товарыңыз же кызмат көрсөтүүңүз жөнүндө эң маанилүүсүн жарыянын эң башында билдириңиз. Сиздин сатып алуучу (кардар) анын суроо-талабы сиздин сунушка канчалык ылайык келээрин дароо түшүнүшү керек.

Бир жарыяда бир товарды\кызмат көрсөтүүнү гана сүрөттөөгө жол берилет. Комплект менен сатылган товарлардын тобу артыкчылыкты түзөт. Мисалы, эмерек гарнитуру.

Товарды сүрөттөөнү башка сайтка шилтеме менен алмаштырууга жол берилбейт. Шилтеме товар жөнүндө кошумча булак гана болушу мүмкүн.

Тыюу салынат:

  • мааниси же мазмуну боюнча окшош жарыяларды жайгаштырууга
  • негизги сөздөрдүн өтө көптүгү
  • транслитерация

Жарыянын текстин өзүңүз түзүүгө аракет кылыңыз, темасы боюнча окшош башка тексттерден үзүндүлөрдү албаңыз.

“Суу” төкпөңүз. Эмоциялык фразалар, киришүү бөлүгүнүн баш-аягы жок жазылышы (белгилей кетсек, айта кетүү маанилүү, ошондой эле, кыскасы, мыкты, керемет, укмуш ж.б.) текстти кабыл алууга тоскоолдук кылат жана сатууларга жол ачпайт.

 

Жарыялар бөлүмүнүн эрежелери
Жарыяларды жол-жоболоштуруу эрежелери
Сүрөттөмө